Фоторепортаждар: Альпинизм боюнча дүйнө чемпионаты - 2016

Бишкектин четиндеги Ала-Арча капчыгайында 1-февралдан 14-февралга чейин эл аралык Альпинизм фестивалы өтөт. Иш-чаранын ачылышы 1-февралда “Ала-Арча” альплагеринде өттү.

Уюштуруучулардын өкүлү Елена Калашникова кабарлагандай, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Украина, Казакстан жана Орусиядан 70 альпинист катышат.

Фестивалдын соңунда катышуучулар арасынан мыктылары тандалып, “Бийиктик” деп аталган эл аралык долбоорго мүчө болушат жана бийик аскаларга саякатка чыгышат. 

Фестивалды Альпинизм боюнча Евразия бирикмеси, Кыргызстан менен Орусиянын альпинизм федерациялары жана “Ак-Сай трэвел” фирмасы бирге уюштурууда.