Фоторепортаждар: Кыргызстан жөнүндө сүрөттөр Молдовада көргөзмөдө

Бүгүн, 11-февралда, Молдованын борбору Кишинев шаарында  Аурел Чепой (Aurel Cepoi) аттуу молдовалык сүрөтчүнүн Кыргызстанга болгон сапар учурунда тартылган сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылат.  

"Кыргызстанда болгон акыркы 3 жылдык сапарымда бул жердин ажайып кооздугу мага өзгөчө таасирин калтырды. Ушунун негизинде жаралган сүрөттөрдү башка адамдар менен да бөлүшкүм келди",- дейт сүрөтчү.