Фоторепортаждар: Орусиядан аскер техникалары келди

Кечээ,10-февралда борбор калаадагы  Эл аралык “Манас” аэропортунда Орусиядан келген аскер техникалары кабыл алынды. БТР-70М соот транспорту жана БТРдин механик-айдоочуларын интерактивдүү окутуу үчүн компьютердик жабдыктар Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине тапшырылды.