Фоторепортаждар: Эл аралык беттештерге карата стадион даярдалууда

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион алдыда болчу курама командалардын жолдоштук беттешине карата даярдалып жатат. Учурда газону өсүп, отоо чөптөрү кыркылып, өз маалында сугарылууда. Маалым кыла кетсек, 2-июнда Кыргызстан-Ливан командалары дал ушул стадиондо кез келишет. Ал эми 23-майда Кыргызстан курамасынын оюнчулары алдыда боло турган беттешке карата машыгуу сборунан өтүшөт.