Фоторепортаждар: Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата конференция өттү

Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада, КТРКнын Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата конференция болуп өттү. Бул саамалыка аталган радионун кызматкерлери жана ардагерлери катышты. Өз сөзүндө КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Кайрат Иманалиев, өткөндү эстеп, 85 жылдык тарыхты эске салды.