Фоторепортаждар: Кыргыз радио бирикмесине 85: медиа форумдан сүрөт баян

Бишкекте Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына арналган эл аралык медиа форум жыйынтыкталды. 

Иш-чара Кыргыз радиосунун мындан аркы өнүгүү жолун аныктоо, радионун азыркы учурдагы мааниси, мамлекеттеги орду, башка өлкөлөрдөгү радиолордун тажрыйбасы жана бул жааттагы жаңыланууларды талкуулоо максатында уюштурулган. 

Форумга жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, депутаттар, Кыргыз радиосунун өлкө аймагындагы бардык өнөктөштөрү катышты. 

Жыйында санариптик технологиялар доорунда радиону өнүктүрүүнүн негизги жолдору- сандан сапатка өтүү, мамлекеттик колдоо жана бул жаатта башка өлкөлөрдун тажырыйбасын өздөштүрүү белгиленди.