Фоторепортаждар: Балдардын XIV Эл аралык “Тил жана маданият” фестивалы

2016-жылдын 2-8-майында Тарых жана маданият жылынынын алкагында Кыргызстанда балдардын XIV Эл аралык “Тил жана маданият” фестивалы өткөрүлүүдө. Тил жана маданият фестивалы 140 мамлекетти камтыйт, Гала-концерти 30 мамлекетте өтөт. 

Кыргызстандагы “Тил жана маданият” фестивалына Азербайжан, Филиппин, Түштүк Африка, Индия, Казакстан, Бангладеш, Монголия, Молдова, Украина, Мозамбик, Россиядан бирден катышуучу жана бирден коштоочу киши келишти. 

Фестивалдын өзгөчөлүгү –ар бир катышуучу өз эне тилиндеги чыгарманы улуттук кийими менен тартуулоо болуп саналат. Фестивалга катышуучулар Бишкекке 2-май күнү учуп келишти.

Ал эми 6-майда “Тил жана маданият” фестивалынын Гала концерти Кожомкул атындагы Спорт сарайында болуп өттү. Фестиваль Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциясынын башчысы С. А. Раев баштап берди. 

КРнын Вице-премьер-министри Г.К. Кудайбердиева да сөз сүйлөдү. Андан кийин концерт уланды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Фестивалдын негизги максаты дүйнө жүзүндөгү элдердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзүү болуп эсептелинет.