Фоторепортаждар: Ботаникалык бактын жаралышы

21-майда, Бишкекте “Ботаникалык бактын жаралышы” деген темада фестиваль өткөрүлдү. Иш-чара - Ботаникалык бакты сактап калуу жана бакчаны калыбына келтирүү максатын көздөдү.

Мындан улам фестивалдын уюштуруучулары иш-чара Бишкектин жашыл шаар макамын кайтара турган- жаратылышты коргоого багытталган алгачкы аракети болуп калат деген ойдо.

Фестивалдын жүрүшүндө жүздөгөн шаардыктар жарманкеге, балдар студиялары тарабынан даярдалган оюн-зоокторго, балдар үчүн уюштурулган спорттук мелдештерге, сүрөт боюнча таймаштар, бакчаны жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча мастер-класска жана өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү менен концерттик программага күбө болушту.