Фоторепортаждар: “Балдар фм” радиосу жеңүчүлөрдү аныктады

Бүгүн “Балдар фм” радиосунда 3 жылдан бери эфирге чыгып келе  жаткан “Президент сүйлөйт” программасынын жыйынтыгы аныкталды. 

Борбор шаарыбыз Бишкек менен Чүй районунун камтыган бул долбоордо жеңүүчүлөр аныкталып, баш байгени Чүйдөн келген Ысмайыл Борончиев атындагы орто мектептин президенти Мырзабекова Сайкал багындырды. Ал эми 1-орунду шаарыбыздагы №86 мектептин президенти Талантбек кызы Милана алган болсо 2-орунду №87  орто мектебинин президенти Бекназаров Жакшылык ээ болду.

Жеңүүчүлөргө “Келечек плюс” гезитинин редактору Кубанычбек Баялиев планшет, Ч.Айтматовдун 8 томдук китебин, ошондой эле А.Осмонов, Ш.Дүйшеевдин “Агындылар” аттуу китептерин белекке ыйгарды.