Фоторепортаждар: Чүй облусунун 90 жылдыгына карата иш-чара (1-бөлүк)

Бүгүн Чүй облусунун 90 жылдык маараке салтанаты белгиленди. Чүй облусу тузүлгөндөн кийин, 1939-жылы СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен Фрунзе облусу болуп аталып, кийин 1959-жылы кайра жоюлуп кеткен. 90-жылдары кайрадан азыркы аты кайтарылган. 90 жылдык тарыхы бар дубандын майрамдык салтанаты мыкты деңгээлде өттү.

Иш чара кыргыз элинин 1926-жылдан баштап ушул күнгө чейинки басып өткөн тарыхын театрлаштырылган оюн-зоок аркылуу чагылдыруу менен башталды. Үркүн учурундагы кыргыздын турмушу, улуу октябрь революциясынын таңы аткан жылдардагы окуяларга чейин баяндалат.