Фоторепортаждар: Бишкекте кымыз фестивалы болуп өттү

Бишкекте кымыз майрамы болду. Кыргыз элинин улуттук суусундуктарын даңктоо максатында өткөрүлгөн жарманкеде шаардыктарга жана калаанын конокторуна өлкөнүн ар кайсыл бурчунан алып келинген кымыз сунушталды. 

Иш-чарада коомдук ишмерлер жана медицина кызматкерлери кымыздын кыргыз турмушундагы орду жана ден-соолукка тийгизген таасири тууралуу маалыматтары менен бөлүштү.