Фоторепортаждар: Түрдүү чөйрө өкүлдөрү арасында таймаш өттү

Бул саамалык түрдүү чөйрө өкүлдөрүнүн байланыштарын бекемдөө жана жаштарды сергек жашоого үндөө максатында өттү. "Европа чемпионатынын финалына бир күн жетпей, тактап айтканда 9-июль күнү саат 15:00дө Бишкектеги Медеров 1 Б дарегинде Футбол үйүнүн оюн талаасында кыргыздын депутаттары, министрлери, саясатчылары, ырчылары, таанымал журналисттери жана башка көрүнүктүү ишмерлери жашыл майданда кыл чайнашкан таймашка чыгышты. Мелдешти өткөрүү демилгеси Султан Жумагуловго таандык. Мелдеште калыстык милдетти КРнын Футбол федерациясынын квалификациялуу калыстары аркалашты. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.

1-орун: Жогорку Кеңеш 2-орун: Ырчылар 3-орун: Өкмөт

Катышуучу командалар:

1. Өкмөт командасы
2. Жогорку Кеңеш (капитаны Дастан Жумабеков)
3. Бишкек шаардык кеңеши (Алмаз Кененбаев)
4. Демократтар (Мавлян Аскарбеков)
5. Ишкерлер (Жоомарт Жолдошев)
6. Ырчылар (Урмат Усенов)
7. Журналистер (Султан Жумагулов)
8. Футбол Федерациясы (Семетей Султанов).