Фоторепортаждар: Ысык–Көлдүн жээгинде “Ыссык – Жай – 2016” шоу концерти

Жайдын аптаптуу июль айынын 9-күнүндө Кыргызстандын бермети болгон, Ысык–Көлдүн жээгинде “Ыссык – Жай – 2016” шоу концертин эс алуучуларга, чет элдик конокторго жана жергиликтүү тургундарга Коомдук биринчи канал жана “Миң – Кыял ФМ” радиосу тартуулады. 

Көңүл борборунда, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эстрада жылдыздары жана заманбап бийлеген “Береке” бий ансамблинин ийкемдүү кыздары болду. 

Кеченин жүрүшүндө кызыктуу оюндар ойнолуп, балдар кыздарга каршы бийлеп, көлдөн чака менен суу ташылып, жеңүүчүлөр сүйүктүү радионун фирмалык белектери жана бул жайдын мега – хит ырлар жыйнагына түшүрүлгөн кумирлеринин кол тамгасы бар дисктерди белеке алышты. 

“Миң – Кыял ФМ” радиосу өз максатына жетти. Кыялдар орундалды!