Фоторепортаждар: Петрашов медаль утуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды

Сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу Денис Петрашов медаль утуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. 

39 суучул катышкан таймашта 38-орунду ээледи. Ал брасс стилиндеги сүзүүдө 200 метр аралыкты 2 мүнөт 16,57 секундада багынтты. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын жаңы рекорду болгону менен, Олимпиаданын жарым финалыну чыгууга жетишсиз көрсөткүч болуп саналат.

Ошентип бул таймашта алдынкы 16 спортчу жарым финалга өттү.

ФОТО: http://sport.gov.kg