Фоторепортаждар: "Дордой" клубу "Бенфика" командасын утуп алды

"Дордой" футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда өз тайпасында 1-орунду ээледи. Бул ийгилик мелдештин финалдык баскычында ойноого укук берди. "А" тайпасында "Дордой" Макаонун "Бенфика" командасын 2:1 эсебинде жеңди. 

Голдорду "Бенфиканын" курамынан Хосе Филипе жаратты. Ал эми "Дордойдун" оюнчуларынан Давид Тетте жана Мирбек Акматалиев топту дарбазага кадады.

АФК Кубогунун финалдык баскычы 2017-жылы старт алат.