Фоторепортаждар: Франциянын элчиси Стефан Катта КТРКга коноко келди

Кыргызстандагы Франциянын элчиси Стефан Катта жана француз тилинде маалымат таркаткан novastan.org сайтынын шеф-редактору Грегуар Доменак "Биринчи радионун" эфирине коноко келди. Күндүн темасы уктуруусунда 1944-жылдын 25-августунда Париждин немистик баскынчылардан бошотулган күнүнө арналган маек жүрүп, түз эфирде угармандардын суроолоруна жооп берди. 

Өз сөзүндө Франциянын элчиси Стефан Катта, Кыргызстанда демократия өнүгүп жатканын белгилеп, бул жаатта президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатын колдоорун билдирди.