Фоторепортаждар: Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн түркмөндөрдүн биринчи тобу келди

Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн түркмөндөрдүн биринчи тобу Кыргызстанга келди. Алар өздөрү менен кошо ахалтекин тукумундагы аттарын кошо ала келишкен. Конокторду «Манас» аба майданынан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Русланбек Жуманазаров жана ыктыярчылар тосуп алышты.

“Галкыныш” аталышындагы тобтун 17 каскадеру Көчмөндөр оюндарында ат үстүндө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Учурда алар Ысык-Көл аймагында жайгашып, алдыда болчу саамалыка даярдык көрө баштады.