Фоторепортаждар: Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө ачылды

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында сүрөт көргөзмө коюлду. Анда Кыргызстан өз алдынчалыкка ээ болгон жылдан азыркы учурка чейинки маанилүү окуялардын сүрөтү жайгашкан. Сүрөт көргөзмөнүн ачылыш саамалыгына президенттин Аппарат башчысы Фарид Ниязов жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.