Фоторепортаждар: Кыргызстан курамасы Казакстанды утуп алды

Бүйүрдү кызыткан футбол боюнча Кыргызстан курамасы Казакстанды жолдоштук беттеште 2:0 эсебинде утуп алды. Жеңиш алып келген голдорду коргоочу Валерий Кичин жана чабуулчу Мирлан Мурзаев жаратты.

Улуттук курамдын алгачкы мүнөттөрүндө оюн талаасына чыккан футболчулардын тизмеси:

Дарбазачы: Валерий Кашуба

Коргоочулар: Дениэл Тего, Азамат Байматов, Валерий Кичин, Виктор Майер.

Жарым коргоочулар: Ислам Шамшиев, Бахтияр Дүйшөбеков, Эдгар Бернхард.

Чабуулчулар: Ахлидин Исраилов, Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев.