Фоторепортаждар: "Дордой" командасы өлкө кубогун утту

18-сентябрда Кыргызстандын кубогунун финалы орун алды. Бул күнү "Алай" жана "Дордой" командалары беттешип, Дэвид Тэттенин 60-мүнөттө киргизген голу бишкектик клубка жеңиш алып келди. Ушуну менен "Дордой" командасы 8-жолу Кыргызстандын кубогун утуп отурат. Ал эми бул беттештин мыкты оюнчусу катары жалгыз голдун ээси Дэвид Тэтте табылып, ага 50000 сом сыйлык ыйгарылды.