Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арнап борбордогу таттууларды чыгарган фирмалардын бири көлөмү 2 тонна 100 килограмм болгон, бетинде 25 деген жазуусу бар торт даярдады.
Жалпы аянты 100 квадрат метр болгон тортту даярдоого жарым миллион сом каражат жумшалып, ал үчүн фирманын кызматкерлери 3 күн даярданышкан. Эң чоң көлөмдөгү торттун даамын татып көрүүнү каалагандар көп болуп, ар бир кесими 25 сомдон сатылды.
Сатуудан түшкөн акчаны фирманын кызматкерлери балдардын онкологиялык ооруканасына жардам катары которууну пландап жатышат