Фоторепортаждар: Кыргызстан курамасы Ливанды ута алган жок

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан-Ливан курамаларынын ортосунда жолдоштук беттеш өттү. Оюндун биринчи жана экинчи бөлүгүндө да эсеп ачылган жок. Беттештин 56-мүнөтүндө Акрам Умаров орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып, майдан талаасынан четтетилди. Калган 10 кыргыз футболчусу Ливанга туруштук берип, кезеги келгенде каршы чабуул уюштуруп жатты.