Фоторепортаждар: Бишкекте "ММА Kyrgystan" федерациясынын ачылыш аземи болуп өттү

Кыргызстанда алгач ирет "ММА Kyrgystan" федерациясы уюшулуп, 10-октябрда ачылыш аземи болуп өттү. 

"ММА Kyrgystan" федерациясынын ачылышында Азербайжан, Ингушетия, Тажикстан, Дагестан жана Кыргызстан спортчулары эрежесиз күрөш боюнча беттешти. Иш-чарага бул спорттун түрү боюнча дүйнөгө таанымал чет элдик коноктор дагы келишкен. 

Биринчи беттеште Ризван Абдусаламовду Канат Келдибеков, 2-беттешүүдө Исаев Магомедди атаандашы Тажикстандык Муборакшоев Муборакшо жеңди. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү таймаштарда Нуралы Насыров менен  Достук Жолдошев каршылаштарын багындырды. 

ММА Kyrgystan" федерациясын дүйнө кубогунун жеңүүчүсү жана Европа чемпиону Жамал-Адам Яндиев жетектемечи болду. Анын айтымында, федерациянын ачылышы менен кыргыз балбандары эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышып, чоң жетишкендиктерди багындыра алат.