Фоторепортаждар: Футбол: Кыргызстан-Туркмөнстан 1:0

Кыргызстан менен Түркмөнстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши 1:0 эсебинде кыргыз футболчулардын жеңиши менен аяктады. 

Голду коргоочу Тамерлан Козубаев оюндун 77-мүнөтүндө киргизди. Ал жарым коргоочу Фархат Мусабеков бурчтан узаткан топту башы менен атаандаш дарбазасына ийгиликтүү багыттап, өз командасын алдыга чыгара алды. 

Футболдук беттеш 11-октябрь күнү Долон Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.