Фоторепортаждар: КТРК Кербени: Караколдогу кылым карыткан дунган мечити

Каракол шаарындагы дунган мечитинин тарыхы XX- кылымдын башынак елип такалат. 1877-жылы Кытайдан качып келген дунгандар Караколго келип, жердеп калышкан. Кийинчерээк отурукташып калган дунган эли ал жерге мечит тургузууну ойлошот.

1907-жылы Кытайдан атайын чакыртылган архитектор келип, мечитти курууга даярдыктарды баштайт. Мечитти курууга 3 жылдай убакыт сарпталып, өзгөчөлүгү бир дагы темир же мык колдонулган эмес.