Фоторепортаждар: Баш калаада Эгемендик күнүн кандай майрамдашты?

Эгемендик күнүнө карата Бишкек мэриясы бир нече маданий иш чараларды уюштурду. Алардын бири Кыргыз улуттук филармониясынын имаратына жакын жерде өттү. Майрамдык концертке Кайрат Примбердиев, Арсен, Омар, Тима Мукашев жана башка ырчылар катышты.Мындан тышкары, аллеянын ичине чатырлар тигилип, бөбөктөр ата-энелери менен бирге ойноп, сүрөт тартып же кандайдыр бир нерсени өз колу менен жасоого шарт түзүлдү.