Фоторепортаждар: Бүгүн өлкөдөгү бардык мектептерде "Билим күнү" белгиленди

Бүгүн өлкөдөгү бардык мектептерде жаңы окуу жылынын алгачкы коңгуроосу кагылып, кезектеги окуу жылы башталды. Бул күн "Билим күнү" катары белгиленет. Расмий түрдө "Билим күнү" 1984-жылдан тартып белгилене баштаган. Бул күнү мектептерде алгачкы коңгуроо кагылып, «Менин мекеним -Кыргызстан » темасында тарбиялык сабактар өткөрүлөт. Ал эми 2-3- сентябрь дем алыш күндөрүнө туш келгендиктен, мектептерде, окуу жайларында толук кандуу окуу 4-сентябрда башталат.