Фоторепортаждар: Бишкекте жөө күлүктөрдүн эл аралык жарым марафону өттү

Бишкекте узундугу 21, 10 жана 3 чакырым аралыктарга чуркоо боюнча жеңил атлетика спортунун эл аралык жарым марафону өттү. Мелдешке спорт чеберлери, шаар тургундары менен чет өлкөлүк спорт сүйүүчүлөрү катышты. 

Иш-чаранын максаты жарандарды спортко үгүттөө менен бирге өлкөнүн туристтик потенциалын көтөрүү болду. Адистердин айтымында өнүккөн өлкөлөрдө бул сыяктуу марафондор миңдеген жарандардын катышуусу менен байма-бай өткөрүлөт. 

Эскерте кетсек 2012-жылдан бери өлкө аймагында уюшулуп келе жаткан спорттук иш-чарага катышкандардын саны жыл сайын көбөйүп келе жатат.