Фоторепортаждар: Борбор калаадагы "Ош" базарынан өрт чыкты

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарындагы "Ош" базарынын кире беришиндеги "Сейтек" кичибазарынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматында, кырсык болгон жерди ӨКМнын министри өзү жетектеп жүрөт.

Жеринен алынган видеодо базардын азык-түлүк саткан бөлүгүнө кире бериште жайгашкан күркө өрттөнүп, коюу кара түтүн абаны каптап турганын көрсө болот. 

Өрттү өчүрүүгө беш топ тартылган. Тилсиз жоо тууралуу маалымат түшөрү менен өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу 9:48де дароо чыгып кеткен. Кырсык  себептери такталууда.