Ордо калаада Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш башталды. 41-ирет өтүп жаткан таймашта кыздар дагы күч сынашат.
Бул - спорттук иш-чаранын негизги өзгөчөлөгү болду. Баш байге үчүн жалпысынан 156 мушкер ат салышууда. Алардын ичинен 52си Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиядан келген болсо, калганы Кыргызстандын бардык дубандарынан келгендер. Мында эркектер 10, ал эми аялдар 3 салмак категориясында беттешет. Маалым болгондой, мелдешке 19 жаштан 40 жашка чейинки спортчулар катышууда.