Фоторепортаждар: Таэквандо боюнча премьер-министрдин кубогунун турнир жыйынтыкталды

Иш-чара 3 жолку дүйнө чемпиону, Олимп оюндарынын 2012-жылы жана 2016-жылкы жеңүүчүсү Ли-Дэ Хундун Кыргызстанга келишинин урматына уюштурулган. Турнирге премьер-министр Сапар Исаков катышып, дүйнөнүн 200 дөн ашык өлкөсү спорттун бул түрүн даңазалап жатканын айтты. Ошондой эле талыкпас эмгеги менен дүйнөгө аты чыккан, белгилүү инсандардын Кыргызстанга келиши өлкөгө айброй алып келерин белгиледи.

Иш-чара учурунда Сапар Исаковго таэквандону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “жетинчи дан” сыйлыгы ыйгарылып, “кара курдун” ээси болду. Кореянын, Казакстандын жана Кыргызстандын таэквандочулары күч сынашып жаткан иш-чара 4 күн мурда башталган. Кореядан келген спортчулар, Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда болушуп, спорттун бул түрү боюнча ар кандай семинарлар уюштурулуп, Кыргызстандын жаш спортчулары менен жолугушуулар өткөрүлдү.