Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков Украинадан келген Юрий Проценкону жеңип, чемпиондук курга ээ болду. Мушкерлер 93 килограмм салмак категориясында беттешти. Кармаштын биринчи раундунда эле Проценкого катуу сокку тийип мурду канап кеткен.
Төртүнчү раундга келгенде айласы кетип, эси оогон украиналык мушкер өзү багынууга аргасыз болуп, кармаш токтотулду. Беттеш аяктагандан кийин Тилек Жээнбеков дем берип колдоп турганы үчүн бардык күйөрмандарына, жалпы кыргыз элине ыраазычылык сөзүн айтты.