Фоторепортаждар: Коомдук биринчи канал “Көрөңгөлүү көчмөндөр” ток-шоусун тартып баштады

Коомдук биринчи канал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көрөңгөлүү көчмөндөр” ток-шоусун тартып баштады. Көрсөтүүнүн жаңы чыгарылышы ар бир ай сайын чыгып турмакчы. Алгачкы көрсөтүүдө Биринчи жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктары жана жетишкендиктери тууралуу сөз болду.

Ток-шоунун жаңы чыгарылышы ар ай сайын чыгып турмакчы. Көрсөтүү Коомдук Биринчи канал жана КТРКнын курамындагы “Маданият. Тарых. Тил” каналынан оюндар башталганга чейин уланат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жарым жылдай убакыт калды. Даярдыктар кызуу. Быйыл “дүйнөлүк” деген сөзгө көбүрөөк басым жасалат. Мисалы, Биринчи көчмөндөр оюндарында кыргыз элинин маданияты көрсөтүлсө, II оюндарда түрк дүйнөсүнүн маданий жашоосу берилген.

 Ал эми быйыл дүйнөдөгү бардык көчмөн элдердин маданияты чагылдырылмакчы. 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 322 чет өлкөлүк ММКлар чагылдырса, быйыл 500дөй журналист келүүсү күтүлүүдө. Алардын 200ү кыргызстандык кабарчылар болсо, 100ү белгилүү блогерлер.  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары заманга шайкеш даярдалып жатат. Мисалы, быйыл оюндар тууралуу ар кандай маалымат кагаздары, китепчелер басылбайт. Оюндарга тиешелүү маалыматтар камтылган атайын мобилдик тиркемелер иштелип жатат. Ошондой эле, оюндар өтүп жаткан жайлар ылдамдыгы жогору интернет менен камсыздалат.