Фоторепортаждар: “Акыркы коңгуроо” салтанаты

Бүгүн өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлүүдө. Билим берүү жана илим министрилигинин буйругу менен директорлорго мектепте жана башка көңүл ачуучу жайларда иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынган. 

Ошондой эле, мугалимдерге окуучулардан белек алууга да уруксат берилген жок. 

Мектептердеги салтанаттуу иш-чараларда салют же башка атылуучу каражаттарды колдонбоо талабы коюлган. Быйыл жалпы республика боюнча 60 миңге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат.