Фоторепортаждар: Кырчындагы кызуу даярдык жыйынтыкталууда

Бүгүн, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын негизги маданий иш-чаралары өтө турган Кырчын жайлоосундагы акыркы даярдыктар жыйынтыкталууда.

Этношаарчада алыстан ат аарытып келген коноктор да жайгашып, көчмөн элдин кылымдап келген оюндарын көргөзүүгө даяр.

Мындан тышкары ар бир облустун тургузулган өз өргөөлөрүндө да ар кандай оюн-зооктор уюштурулуп, кыргыз элинин көөнөрбөгөн улуттук каада салттары көргөзүлүп, алар көрүүчүлөргө театралдашып тартууланат.

Ал эми, көпчүлүктүн көңүлүн бурган көчмөн элдин кол өнөрчүлүгү, белдүү уз-чеберлердин жана усталардын колунан жаралган буюмдары атайын курулган Этнобазарда коюла баштады.

Этношаарчадагы театралдашкан "Көчмөндөрдүн алтын доору" эртең 3-сентябрда саат 15:00то башталат.