Фоторепортаждар: Көчмөндөрдүн алтын доору ааламга даңазаланды

Кыргызстан Көчмөндөр оюндары менен бир эле түрк дүйнөсүнө гана эмес, ааламда көңүл борборуна алынып, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурууда. Расмий ачылышынан кийин, Чолпон-Атадагы ат майданында жана Кырчын жайлоосундагы этношаарчада спорттук, маданий иш чаралар ишин баштады.

Бүгүн, этно шаарчадагы негизги маданий иш-чара катары саналган, ""Көчмөндөрдүн алтын доору" театралдашкан салтанаттуу аземдин ачылышы болуп, ага алыстан келген сыйлуу коноктор да катышты.