Фоторепортаждар: Элдин агымы үзүлбөгөн этнобазар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышынан бери Кырчындагы этнобазар дагы өз ишин улантууда. Учурда этнобазарда уз-чеберлердин, усталардын, сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен бирге ар кандай көчмөн элдин доорун чагылдырган буюмдар сатылууда. Этнобазарда алыстан келген коноктордун аягы үзүлбөй, кызыккан буюмдарын сатып алгандар көп.