Фоторепортаждар: Көчмөн элдин көрктүү балдары

Кырчындагы көчмөн доорду чагылдырган этношаарчанын дагы бир көркүн ачкан көрүнүш,  улуттук кийимдери менен келген көчмөн элдин көрктүү балдары болду.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында 1000ден ашык боз үй тигилип,  ар кандай маданий оюн-зооктор өткөрүлгөн Кырчын жайлоосундагы этношаарчага күнүгө миңдеген көрөрмандар агылып келип жатты. Бир эле убакта 100дөн ашык оюн-зоокту көрүүгө ашыккандар андан көп болду.