Фоторепортаждар: Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жарым марафон болуп өттү

Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жарым марафон болуп өттү.

Анын максаты - Бишкек шаарын ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүүгө кудурети жеткен, заманбап шаар катары көрсөтүү, дени сак жашоону үгүттөө жана эл аралык спорт, туризм жаатындагы байланыштарды бекемдөө. 

Спорттук иш-чарага шаар коноктору, чет элдик жарандар болуп отуруп жалпы 3 миңдей адам катышты.