Фоторепортаждар: Кыргыз-орус кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарган келишимдер

Кыргыз-орус аймактар аралык конференциянын иши бүгүн да уланып жатат. Анын жүрүшүндө ондон ашык документтерге эки тараптуу кол коюлду. Бул негизинен Орусия Федерациясынын карамагына кирген республикалар менен аймактар, ири ишканалар менен Кыргызстандын министрлик жана мекемелери, облустары, ата мекендик ишканалары ортосундагы келишимдер менен меморандумдар.