Фоторепортаждар: Президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз үчүн билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-апрелде Берлин шаарында, Германия Федеративдик Республикасынын Канцлери Ангела Меркель менен жолугушуусунун алкагында басма сөз үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчы Германияга расмий визит менен келүүгө чакыргандыгы үчүн Ангела Меркелге ыраазычылыгын билдирди.

«Бүгүн биз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайбыз жана келечектин пландарын белгилейбиз. Акыркы жылдарда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар бир топ активдешти. Буга 2016-жылы Федералдык Канцлер Ангела Меркелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши өбөлгө түздү», — деди Сооронбай Жээнбеков.