Фоторепортаждар: Ош шаарында этнофестиваль өтүп жатат

Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан Түрк дүйнөсүнүн этномаданият фестивалынын алкагында, элдик каада салттар, түрк элинин этномузыка, этномодасы көрсөтүлүп, көл өнөрчүлөрдүн эмгектери тартууланып, тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулган. Алгач, акындар сөз алып, Оштун тарыхы, Түрк дүйнөсүнүн маданияты тууралуу баян курушту. Андан кийин, чыгармачыл топ көчмөн элдин тарыхын чагылдырган сахналаштырылган оюн көрсөтүштү