Фоторепортаждар: Бүгүн Кыргызстанда Улуу Жеңиш күнү белгиленүүдө

Бүгүн - Улуу Жеңиш күнү. 1941-1945-жылдар аралыгы эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген учур. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.

9-май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. 

Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-майда күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөлөрдө адамдар бирин-бири куттуктап, каректерде сүйүнүчтүн ыйы айланган. 

Кыргызстанда дагы Улуу Жеңиш майрамы белгиленип келет. Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи фронттон кайтпай калган.