Фоторепортаждар: Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун марафон мелдеши өттү

11-майда Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун марафон мелдеши өттү. Спорттук иш-чара 22-олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналды. Мелдеш Чолпон-Ата шаарында эртең мененки саат тогузда башталып. Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашты. Ага 27 өлкөдөн 3 миңге жакын адам катышып. Арасында кыргызстандыктардан сырткары Казакстан, Азербайжан, Германия, Кытай, Тажикстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Корея, Япония, АКШ, Австралия, Австрия, Канада, Франция, Индия, Израиль, Италия, Пакистан, Испания, Түркия, Голландия, Улуубритания, Монголия жана Белоруссия өлкөсүнүн жарандары катышты.