Фоторепортаждар: С.Жээнбеков иш сапары менен Индия Республикасына жана Сауд Арабиясына барып келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-майда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Нью-Дели шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысы Индиянын Премьер-министринин инаугурация аземине катышып, аны менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Буга чейин айтылгандай, Нарендра Моди үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанга иш сапары менен келет.

Андан соң, 31-майда, Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королдугуна барып, Мекке шаарында  Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышты. Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өттү.