Фоторепортаждар: Бүгүн Кыргызстанда Орозо Айт майрамы белгиленүүдө

Мусулман календары боюнча ыйык рамазан айы аяктап, шавваль айы башталат. Көпчүлүк мусулмандар бир ай бою күндүзү жеп-ичүүдөн тыйылып, күн батканда гана дасторконго отурууну адатка айланткан. Бул айда болушунча жакшы амалдарды аткарып, коңшу-колоң менен мамилени оңдоп, алыс-жакын туугандар менен ынтымакты бекемдей жүргөн жакшы дейт дин аалымдары. 

Белгилей кетсек, Айт намазы жылдагыдай эле борбор калаанын эски аянтында окулду. Ага миңдеген кыргызстандыктар катышты. Ошондой эле айт намазында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Президенттик аппараттын жетекчиси Досаалы Эсеналиев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов сөз сүйлөп, Ороза майрамы менен жалпы кыргызстандыктарды куттукташты.