Фоторепортаждар: Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленүүдө. Иш-чаранын расмий бөлүгү Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өлкө башчысы жалпы кыргызстандыктарды эгемендиктин 28 жылдыгы менен куттуктап, өз сөзүндө улуттук биримдигибизди, ынтымагыбызды бекемдеп, өлкө тагдырын, эл тагдырын баарынан жогору коюп, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!,-деп белгиледи.