Фоторепортаждар: Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди

"Манас" эл аралык аэропортунда Казакстандын мамлекет башчысын Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Аба майданда Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилди. Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. 

Ошондой эле, Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт жана анын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Казакстандын Президентинин мамлекеттик визитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекете боло турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.