Фоторепортаждар: Айтматов жана доор

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду кийинки муунга таанытуу жана чыгармаларын кеңири жайылтуу максатында жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары үчүн сынак уюштурулду. Анын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында өттү. Жеңүүчүлөргө Айтматовдун китептери жана Улуттук академиянын Ардак грамотасы тапшырылды.