Фоторепортаждар: "КТРК Спорт" каналы 4 жашка толду

Канал 2015-жылы 15-декабрда алгачкы жолу обого чыккан. Бүгүнкү күндө кабелден жана санариптен HD форматында бүтүндөй Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүп келет. КТРК СПОРТ каналы 4 жыл ичинде ата мекендик жана бүйүрдү кызыткан эл аралык спорттук оюндарды көрсөтүүгө жетишкен. 

Өзгөчө Бишкек шаарында өткөн Кыргызстан курамасынын баардык оюндарын калтырбай, эфир аркылуу түз алып көрсөтүлгөн. Ошондой эле, футбол боюнча Европа Чемпионатында болгон ар бир беттештерге көрөрмандар ушул канал аркылуу күбө болушкан. Учурда өлкөнүн башкы спорт каналында жалпы 50гө жакын кызматкер эмгектенет. “Арена, “Спорт сыймыктары” жана “ Спорт сереп” сыяктуу көрсөтүүлөрүнө белгилүү спортчулар маек курушкан.